• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

30-март. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартка карата өлкөдө коронавирус жуктурган 10 жаӊы учур аныкталды. Ал 10 учурдун баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылufy. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы:

- Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетет. Алардын ичинен үч адам айыгып, бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканасынан чыгарылды.

- СOVID-19 инфекциясын жуктурган адамдар менен аралашып жүргөн адамдардын саны 7 миң 307, алардын ичинен 1-категориядагы (жакындары жана үй-бүлөсү) – 2 миң 85, 2-категориядагы (башкалар) – 5 миң 222.

- Жалпы республика боюнча 1 миң 459 адам обсервацияда жатат.

- Коронавируска каршы күрөшүүдө ишке тартылган саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык кызматкерлери кошумча айлык акы алышат.

- Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына делген администрацияланган эсепке 50 млн 960 миӊ сом келип түштү. Бул каражаттарды бөлүштүрүү менен атайын түзүлгөн комиссия алектенет.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маанилүү билдирүүлөрү:

- Мамлекет өзүнүн милдеттенмелерин толук аткарат. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөт.

- Кыргызстан өзүнүн жарандарын таштабайт, өлкөбүз аларды кабыл алууга даяр. Биринчи кезекте, Россиядан колунда сатып алган билеттери бар жарандар алып келинет.

- Калктын аялуу катмарларынын тизмеси түзүлгөн, булар күн сайын киреше алуунун негизинде үй-бүлөнү камсыздап, колдоого муктаж болгон таксисттер, куруучулар жана башкалар. Учурда жеке ишкерлер жана мамлекет аркылуу жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгууда.

- Жакынкы күндөрү Кытайдан жүк ташуулар жандандырылат. Бир жумадан бери кеӊешмелерди өткөрүп жатабыз. Калктын керектөө товарларын ташуу үчүн чек араны ачуу сунушталууда.

- "1312" түз байланыш номери иштеп баштады: ал номер аркылуу өткөрмө уруксат кагаздары боюнча тиешелүү суроолорго жооп алса болот.

"Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордун коменданттары жарандарды коменданттык саатты бузбоого чакырат. Белгиленген тартипти бузгандар тиешелүү жоопкерчиликке тартылат", - деп билдирет республикалык штаб.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий