• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

30-мартка чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-марттан 30-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. 26-мартта күндүн экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн.

27-30-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. 26-мартта күндүн экинчи жарымында айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-29-марттарда жана 30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-29-марттарда жана 30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-28-марттарда жана 29-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-29-марттарда жана 30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден.

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-28-марттарда жана 29-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-30-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-мартта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-30-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий