• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн календарлык планы бекитилди

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-апрелге дайындалган № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти.

№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча календардык пландын негизги этаптары:

- шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 2024-жылдын 18- мартына чейин;
- шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2024-жылдын 8-апрелине чейин;
- шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, тизмеде болбогондук жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө) – 2024-жылдын 18-мартынан 17-апрелине чейин (кошуп алганда);
- шайлоочулардын биротоло тизмесин илүү – 2024-жылдын 23-апрелине чейин;
- бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү – 2024-жылдын 28-мартына чейин (кошуп алганда);
- КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо –2024-жылдын 8-апрелине чейин;
- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү – 2024-жылдын 8-майынан тартып 2024-жылдын 27-апрелинде саат 8.00гө чейин;
- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү – 2024-жылдын 27-апрелинде саат 8.00дөн 20.00гө чейин;
- добуш берүүнү күнү – 2024-жылдын 28-апрель, саат 8.00дөн 20.00гө чейин;
- шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2023-жылдын 12-майына чейин.

Пикир

Оставить комментарий