• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

700 миңден ашуун кыргызстандыктар эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Россияда

Коом 0

Бишкек, 25.01.19 /Кабар/. Бүгүнкү күнү расмий статистикага ылайык, 700 миңден ашуун жарандарыбыз эмгек миграциясында жүрүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал маалымдагандай, кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү Россиянын аймагында – 663 миң, Казакстанда – 30 миң, Түштүк Кореяда – 14 миң, Түркияда – 30 миң, башка алыскы чет (Европа, Жакынкы Чыгыш, Азия) өлкөлөрдө – 20 миңден ашуун адам бар.

Ошону менен бирге Болотбек Ибраимжанов белгилегендей, эл аралык милдеттемелердин алкагында бардык категориядагы иммигранттардын укуктары камсыздалат, алар: чет элдик эмгек мигранттары, инвесторлор, кайрылмандардын, качкын жана башпаанек издегендер, ошондой эле окууга, дарыланууга, туризм жана жеке иштери менен келгендер.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы кошумчалагандай, Кыргыз Республикасына келүү/кетүүнүн жыштыгы боюнча алдынкы орунда Казакстан, андан соң Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Кытай, Германия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн жарандары турат.

Пикир

Оставить комментарий