• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

8-февралга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 8-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл облусунда 0…+5 градус, Нарын облусунда -1...-6 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкекте абанын табы +3…+5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий