• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМКнын Чек ара кызматынын жана “Манас” бажысынын кызматкерлери окуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Адистештирилген окутуу бажысында 4-8-апрель күндөрү УКМКнын Чек ара кызматынын жана “Манас” бажысынын кызматкерлери үчүн окуу курсу өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Курстар АКШнын элчилигине караштуу “Ядердик материалдардын контрабандасын табуу жана бөгөт коюу” программасынын алкагында, ошондой эле “ВМФ Групп” ЖЧК өкүлдөрүнүн техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.

Окутуунун максаты – Кыргызстандын бажы жана чек ара органдарынын квалификациясын жогорулатуу жана чек арадагы өткөрүү пункттарында радиациялык контролду жүзөгө ашырууну жакшыртуу.

Окуунун негизги бөлүгү Адистештирилген окутуу бажысынын өткөрүү пунтунун окуу моделинде өткөрүлгөн. Окуу процессинин жүрүшүндө кызматкерлер радиациялык контролду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча билимдерин жогорулатышты. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында радиациялык контролду жүзөгө ашыруу маселесин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук актылар менен таанышышты. Ошондой эле экинчи ирет текшерип кароонун кол приборлорун практикада эксплуатациялоо жана пайдалануу боюнча көндүмдөрүн жогорулатышты.

Окуу курсун бажы кызматынын алты кызматкери жана чек ара кызматынын алты кызматкери өтүштү. Курс аяктагандан кийин жыйынтыктоочу тест өткөрүлүп, кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды. Тесттин жыйынтыгы көрсөткөндөй, бардык кызматкерлер курстун материалдарын өздөштүрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий