• 88.68
  • 95
  • 0.95

8-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-январдан 8-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

4-8-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-6-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

4-8-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-6-январларда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

4-6-январларда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

6-январда күндүз жана 7-январда Ош облусунун тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-6-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

4-5-январларда жана 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-январда күндүз жана 7-8-январларда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-8-январларда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

4-5-январларда жана 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-январда күндүз Чолпон-Ата шаарында бир аз кар жаашы мүмкүн, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-январда күндүз жана 8-январда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

4-8-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий