• 88.68
  • 95
  • 0.95

9-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 9-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -4…+1, Ысык-Көл облусунда -2…+3, Нарын облусунда -5…-10, Бишкек шаарында -5…-7, ал эми Ош шаарында -1…-3 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий