• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аалымдар кеңеши Финполго муфтияттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча 2020-жылы кайрылган

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) 2020-жылдын декабрь айында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Аалымдар кеңешинен арыз түшкөн. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 233-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен катталган.

Учурда тергөө иши жүрүүдө. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча салыктык текшерүү жана аудит жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий