• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аалымдар Кеңешинин төрагасы алмашты

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Аалымдар Кеңешинин төрагасы алмашты, - деп маалымдайт муфтияттын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 17-протоколдук жыйынында Аалымдар кеңешинин төрагасы Абилилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан канааттандырылды.

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Абдиманап Масалиев Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий