• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда кармалган кыргызстандык Э.Маджитовдун укугун коргоо боюнча маселе ТИМдин өзгөчө көзөмөлүндө

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Тажикстандын суроосу боюнча кармалган кыргызстандык Эсенбай Маджитовдун укугун коргоо боюнча маселе КР Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Эсенбай Маджитов кармалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөндөн тартып аталган атуулдун укук жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Элчиликтин консулдук кызмат адамдарынын жогоруда аталган жаран менен ал камакта кармалып турган жеринде жолугушуусу күтүлүүдө.

Министрликтин жана элчиликтин жооптуу кызматкерлери Э.Маджитовдун жактоочусу менен туруктуу байланышта.

Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өзгөчө көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, Тажикстанда 2020-жылдын 8-майындагы чек арадагы чыр боюнча кылмыш иши козголгон. Эсенбай Маджитов башаламандыкка катышкан деп айыпталууда.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Тажикстандын чек ара кызматкерлери миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок аткан. Тажик жарандары Маджитовдордун чек аранын тактала элек участкасынын жанында жайгашкан үйүн өрттөп жиберишкен. Кийин Мажитов активисттердин жардамы менен үйүн калыбына келтирген.

Кийинчерээк Маджитовдун уулу - Адил президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жасап, чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнгөн. Президент бала менен жолугуп атасынын маселеси Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип жаткандыгын айтып, жакын аралыкта маселени толук чечип берүүнү убадалаган.

Пикир

Оставить комментарий