• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын муфтийи Барак Обама зыярат кылган мектепке барды

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар. Кыргызстандын муфтийи Барак Обама зыярат кылган “Ар-Рахман” Ислам мектебинин билим берүү системасы менен таанышты. Бул тууралуу Кыргызстан Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.

АКШда иш сапары менен жүрүшкөн кыргызстандык делегация Вашингтондогу “ADAMS” Ислам борборунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, сакталып келе жаткан Ислам баалуулуктарынан кабар алышты. Андан соң Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев АКШдагы Нотр-Дам университетинин исламий изилдөөлөр боюнча профессору, Мэриленд штатынын Ислам кеңешинин жетекчиси, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат менен жолугушуп, кызматташтык жана тарыйба алмашуу жаатында пикир алышты. Муну менен катар Азирети Муфтий АКШ мусулмандары менен кезигип, кыргыз элинин меймандостугун айтып берип, Кыргыз Республикасынындагы диний кырдаал боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, кыргызстандык делегаттар АКШнын билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, мектептерде жана жогорку окуу жайларында диний билим берүү жаатында пикир алышты. Мындан тышкары, делегация АКШдагы “Ар-Рахман” Ислам мектебинде зыярат кылышып, мектептин билим берүү системасы менен тереңирээк таанышып чыгышты.

“ “Ар-Рахман” Ислам мектеби балдарды бала-бакчадан тарта кабыл алып, 12 класска чейин окутушуп, ошол эле учурда светтик да, диний да билимди беришет экен. Мектеп дин таануу сабагынан тарта, Куран, араб тили жана светтик билим берип, окуу системасы жогорку деңгээлде уюштурулгандыгына күбө болдук”,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Ал эми АКШдагы “Ар-Рахман” Ислам мектебинин кызматкерлери өз учурунда АКШ Президенти Барак Обама келгендигин сыймыктануу менен айтышып, “Ар-Рахман” Ислам мектеби мыкты кадрларды даярдап чыгарууда өзүнүн салымын кошо берээрин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий