• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарында канча мектептин курулушу жүрүүдө? – вице-мэрдин жообу

Коом 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев шаарда курулушу жүрүп жаткан мектептер тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, Кулуев көчөсүндөгү №19 мектепке жанаша салынып жаткан имараттын курулушун аяктап, быйыл сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Ал 198 орунга эсептелген.

"Раззаков көчөсүндөгү №6 мектепке кошумча 3 кабаттуу имараттын курулушун баштоо каралган. Жыл аягына чейин "Чыгыш-5" кичи районундагы олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет. Азербайжандын элчилиги менен болгон меморандумду ишке ашыруунун алкагында "Көк-Жар" конушунда 550 орундук мектептин курулушу жүрүүдө" - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий