• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба ырайы: Бүгүн көпчүлүк аймактарда күн ачык болот

Коом 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/. Бүгүн, 31-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот,-деп билдирет Кыргызгидромет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...1;

Талас облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...2;

Баткен облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12 градуска чейин төмөндөйт.

Бүгүн борбор калаабыз Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -17...-19, күндүз -2...-4 градус суук болот.

Пикир

Оставить комментарий