• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдыкеримов «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору болду - өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович

1967-жылы 20-майда Фрунзе шаарында туулган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1991 – 1993-жж. – «Азия Инвест» компаниясы, менеджер;

1993-1997-жж. - «Таалай» өндүрүштүк-коммерциялык фирмасы, директордун орун басары

1997-1999-жж. – Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясы, соода, тейлөө жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;

1999-2001-жж. - «Таалай» өндүрүштүк-коммерциялык фирмасы, башкы директордун орун басары

2001-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, референт, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн эксперти;

2008-2018-ж. – «Кыргыз темир жолу» Улуттук ишканасы» Мамлекеттик ишканасынын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору

2018-жылдын октябрынан тарта - «Кыргыз темир жолу» Улуттук ишканасы» Мамлекеттик ишканасынын директору

Билими: 2011-2015-жж. – Кыргыз Улуттук агрардык университети, Ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу факультети, адистиги – уюштуруу жана башкаруу боюнча инженер

2001-2002-жж. – Япония Өкмөтүнө караштуу JICA – Япон Эл аралык Кызматташуу агенттиги, Транспорт тармагында окутуу эл аралык сертификаты

1984-1991-жж. – Москва ветеринардык академиясы, зооинженердик факультет, айыл чарбасын пландаштыруу, адистиги – зооинженер.

Пикир

Оставить комментарий