• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди мобилдештирүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди жумшоону милдеттендирди.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге баланы издөөнү көзөмөлгө алуу жана бул үчүн бардык күч-аракеттерди мобилдештирүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, баланы мүмкүн болушунча тез арада аман-эсен табууга болгон күч-аракетти жумшоо керек.

Белгилей кетсек, Кантта 12 жаштагы Данил Браилкинди бүгүн эртең менен белгисиз бирөөлөр унаага салып уурдап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий