• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Алматыга жөнөп кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 1-февралда Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат.

Жыйындын жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары жана башка маселелер талкууланат.

Мындан тышкары ЕӨАК кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий