• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев «Алтынкен» ЖЧК алтын кен казуу ишканасына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кемин районундагы «Алтынкен» ЖЧК алтын кен казуу ишканасынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчыга ишкананын учурдагы ишмердиги жана абалы тууралуу маалымдашты. Бүгүнкү күнү заводдо 1000ден ашуун кызматкер иштейт, алардын 95% Кыргыз Республикасынын жарандары. «Алтынкен» ЖЧК кенинде алтын казуунун көлөмү 2018-жылдын 9 айында 2,5 тоннаны түзгөн. 2019-жылы ишкана толук өндүрүштүк кубаттуулукка өтүүнү жана бир жылда өндүрүүнү 3-3,5 тоннага чейин өстүрүүнү пландап жатат.

Белгилей кетсек, 2015-жылы «Алтын-Кен» ЖЧКсы алтын казуу фабрикасынын курулушун аяктаган жана алтын өндүрүүнү расмий ишке киргизген.

Алтын-жез концентратын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташууга жол бербөө максатында «Алтын-Кен» ЖЧК «Казцинк» (жез эритүүчү завод) казак компаниясы менен толлинг шарттарында (чет элдик сырьену кийин даяр продукцияны ташып чыгаруу менен кайра иштетүү) Келишим түзгөн. «Алтын-Кен» ЖЧК бардык өндүрүлгөн алтын «Кыргызалтын» ААК Аффинаждык заводуна жөнөтүлүп, андан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына сатылат.

«Алтын-Кен» ЖЧК 2015-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктык түшүүлөр жана бажы салымдары түрүндө 1,661 млрд сом которгон. 2018-жылга пландаштырылган чегерүүлөр 887,3 млн. сомдон ашуун.

Ошондой эле Кемин районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн «Кемин келечеги» фонду түзүлгөн, анын каражаттары Кемин районунун социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө багытталат.

«Алтынкен» ЖЧК түзүлгөндөн тартып Фонддун эсебине 1 млн 130 миң АКШ доллары которулган (алтындын ар бир унциясынан 7,5 АКШ доллары).

Кыдыруунун жүрүшүндө Премьер-министр ишканада бардык тиешелүү техникалык жана экологиялык ченемдерди катуу сактоо зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары инвесторлор менен болгон бардык келишимдерди сактоо зарылдыгы көрсөтүлдү.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле ишке жергиликтүү жашоочулардын көп санын тартуу керектигине көңүл бурдурду.

Ошону менен бирге Өкмөт башчыга маалымдашкандай, Россия Илимдер Академиясынын Кендерди комплекстүү өздөштүрүү маселелери институту жана «Outotec» компаниясы менен алтын өндүрүү фабрикасынын учурдагы технологиясы боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн активдүү кызматташуу жүрүүдө.

Азыркы учурда «Алтын-Кен» ЖЧК өзүн-өзү каржылоого толук өттү жана мурда алынган зайым каражаттарды кайтарууну баштады.

Маалымдама: «Алтын-Кен» ЖЧК 2006-жылы мартта 60% үлүштүк катышы бар «SummerGold» ЖЧШ казак инвестору менен биргеликте түзүлгөн («Кыргызалтын» ААК 40% ээ). 2011-жылдын сентябрында казак инвестору компаниядагы өз үлүшүн (60%) «Zijin» корпорациясынын туунду компаниясы «СуперБ Пасифик Лимитед» кытай компаниясына саткан, ал Кытайдын алтын жана жез өндүрүү тармагындагы ири тоо кен компаниясы болуп саналат. Кытай инвесторунун келиши менен Талдыбулак-Левобережный кенин иш жүзүндө өздөштүрүү башталган.

Пикир

Оставить комментарий