• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Евразиялык патенттик ведомствонун президентин кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык патенттик ведомствонун президенти Григорий Ивлиевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров Григорий Ивлиевди Евразиялык патенттик ведомствонун Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктап, маектешине бул кызматтагы алгачкы расмий сапарын Кыргыз Республикасынан баштаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Евразиялык патенттик уюмдун интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын натыйжалуу тутумун калыптандыруудагы, Евразия патенттик уюмуна мүчө мамлекеттерди технологиялык жана инновациялык өнүктүрүүдөгү ролуна жана салымына чоң маани берет.

Акылбек Жапаров биздин өлкөнүн патенттик иштеги улуттук потенциалын чыңдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, интеллектуалдык менчикти башкарууда жана инновацияларды иштеп чыгууда Евразиялык патенттик ведомство менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын тастыктады.

Өз кезегинде Евразиялык патенттик ведомствонун президенти Григорий Ивлиев Евразиялык патенттик ведомствонун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана Евразиялык патенттик уюмга мүчө өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий