• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Беларусь Идентификациялоо тутуму борборунун ишмердиги менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында Идентификациялоо тутуму борборунун ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтый камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчыга маалыматташтыруу тармагындагы илимий-техникалык жана өндүрүштүк-чарбалык ишмердик жөнүндө бет ачар сунушталды, ал объекттерди, логистикалык тутумдарды жана электрондук иштиктүү операцияларды автоматтык түрдө идентификациялоо тутумун түзүүгө, бул багытта жүргүзүлгөн иштерди илимий-методикалык камсыздоого, штрихтүү жана радио жыштыктуу идентификациялык коддор менен маркерленген товарлардын маалымат базасын (депозитарийлер) жүргүзүүгө багытталган. Борбордун базасында стандартташтыруу боюнча "Идентификация" Улуттук техникалык комитети түзүлгөн жана иш алып барат.

Борбор тармактар, ишканалар жана мамлекеттик башкаруу органдары үчүн товардык номерлөө, штрихтүү жана радио жыштыктуу идентификациялоо кызматтарын көрсөтөт: товардык номерлөө жана автоматтык идентификациялоо технологияларын колдонуу тармагындагы кызматтар, анын ичинде Беларусь Республикасынын товар өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларына (товарларына) штрих коддорду ыйгаруу, аларды киргизүүнү камсыздоо жана Беларусь Республикасынын мамлекеттик маалыматтык ресурсунда колдоо – штрих коддордун депозитарийлери; штрих коддорду верификациялоо; инфратүзүмдөрдү жана автоматтык идентификациялоо каражаттары боюнча жалпы тутумдук чечимдерди түзүү камтылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев идентификациялоо тутумунун ишин уюштурууну мындан аркы өркүндөтүү үчүн, анын менен бирге Евразия экономикалык бирлигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруу өңүтүндө бул тармакта тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи

Пикир

Оставить комментарий