• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Бирдиктүү ЕАЭБ рыногун түптөөдө ички кедергилерди алуу – башкы маселе

ЕАЭБ 0

Алматы, 31.01.20. /Кабар/. Бирдиктүү ЕАЭБ рыногун түптөөнү аягына чыгаруу ишинде товар, кызмат, капитал жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшүнө тоскоолдук кылган ички кедергилерди алуу башкы маселе болуп саналат. Бул тууралуу КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Алматыда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы отурумунда билдирди.

"Биздин бирикме улуттук экономикалардын атаандаштыгын арттыруу, биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо шартын жакшыртууга жана туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү үчүн түптөлгөн. Тилекке каршы ЕАЭБ ичинде соода жүргүзүүдө кедергилердин көбөйүшүнө туш болуп жатабыз", - деди ал.

Анын айтымында, кыргыз тарап ЕАЭБ алкагында тең ата, ишеним жана өз ара пайда алып келүүчү кызматташтык принцибинде иштешүүгө чоң маани берет.

Ал белгилегендей, учурдагы кырдаалды эске алып, кыргыз тарап кедергилерди жоюу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүшү керек деп эсептейт. Маселен: Евразиялык экономикалык комиссиясына ЕАЭБ эрежелерин бузган биримдикке мүчө мамлекеттердин улуттук актыларын жокко чыгаруу тууралуу чечимди кабыл алуу боюнча кошумча ыйгарым укуктарды берүү; Биримдиктин эрежелеринин бузулушу боюнча кайрылууларды кароонун тартибин жана мөөнөтүн белгилөө; Евразиялык экономикалык комиссиясына биримдикке мүчө мамлекет анын чечимдерин аткарбаган учурда ЕАЭБ сотуна кайрылуу укугун ыйгаруу.

"Андан тышкары, Евразиялык экономикалык комиссиянын чечимдери аткарылбаган учурда ЕАЭБ соту тарабынан белгилүү бир санкция салуу жана кементе өндүрүп алуу механизмдерин киргизүү керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий