• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Абылгазиев комендатуранын иши, өткөрмө кагаздарды берүү процесси менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Көзөмөл-санитардык пункттар өз ишин так аткарып - карантин аймагына карапайым жарандардын себепсиз өтүшүнө жол бербей, ишкерлердин жана медиктердин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын комендатурасындагы көчмө жыйында айтты.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, өкмөт башчы комендатуранын иши, өткөрмө кагаздарды берүү процесси менен таанышты.

Мухаммедкалый Абылгазиевге электрондук түрдө өткөрмө кагазын алуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуунун электрондук порталын көрсөтүштү.

«Бүгүн кагаз түрүндөгү өткөрмө кагаздарды берүүнү токтотуп, электрондук вариантта берүү башталганын жарыяладыңар. Бул абдан жакшы. Мында жарандар менен байланышта болуу азаят. Алгачкы күндөрү бул жерде өткөрмө кагазын алуу үчүн келген айдоочулардын, ишкерлердин кандай узун кезектери болгону эсибизде. Уруксат кагазын берүүнүн бардык жол-жобосу жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ыкчам иштелип чыгышы керек. Биз ансыз да кагаз түрүндө бере албай жатканда электрондук варианты кечеңдегени жакшы эмес. Бир эле кемчилик күнү-түнү иштеген миңдеген адамдардын күч-аракетине көлөкө түшүрөт», - деп Мухаммедкалый Абылгазиев комендатуранын ар бир кызматкеринин өз ишине карата жоопкерчилигин эскертти.

Андан соң Премьер-министр борбордогу бир нече көзөмөлдөө-санитардык пункттарга барды.

«Биз көчөгө чыгуунун үч түрүн гана аныктагандыгыбызга карабастан, жарандар чектөөлөрдү киргизүүнүн маңызын толук түшүнө элек. Комендантык саатты жарыялоо - бул олуттуу билдирүү. Андыктан көзөмөлдү күчөтүңүздөр, көчөгө негизсиз чыгууга жол берилбеши керек. Муну ар бир жаран түшүнүүсү зарыл. Ал эми медиктерге жана ишкерлерге жашыл коридор уюштурулушу шарт. Аларды кармоого болбойт. Документтерин ыкчам текшерип, жол берүү керек», - деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы көзөмөлдөө-санитардык пункттарда күзөттө турган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана дарыгерлердин иштөө шарты менен таанышты. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлер жеке унааларында атайы уруксатсыз жүрүүсүнө жол бербилбешин, аны көзөмөлгө алуунун зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий