• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев VIII кыргыз-россия конференциясынын алкагында кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарына арналган VIII кыргыз-россия Аймактар аралык конференциясынын алкагында кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» темасындагы VIII кыргыз-россия Аймактар аралык конференциясын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6 млрд. 134 млн. 860 миң АКШ доллардык 53 макулдашуу, меморандум жана соода келишимдерине кол коюлган. Анын ичинде инвестиция тармагында 5 млрд. 514,7 млн АКШ долларын жана соода жаатында 620 млн АКШ долларын түзөт.

Мындан тышкары конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын аймактарынын ортосунда 4 өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча жетишилген экспорттук макулдашуулардын алкагында жеке сектор менен соода келишимдер ишке ашырылууда. Ал эми тийиштүү мамлекеттик органдар инвестициялык келишимдерди аткаруу боюнча «жол картасын» деталдуу түзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, бардык документтер эки өлкөнүн кызыкчылыгында ишке ашырылышы үчүн россиялык өнөктөштөр менен уюшкандыкта жана так иштөө керек.

Өкмөт башчы айткандай, келишимдерди толук кандуу аткарууга жооптууларды аныктап, коюлган максаттарга жетүү үчүн эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда толук көлөмдүү жана сапаттуу кызматташууну камсыздаган иштин так механизмдерин иштеп чыгуу керек.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт тарабынан жакын арада Президент Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөлөргө жана чет мамлекеттердин лидерлеринин Кыргыз Республикасына сапарларынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иштин жүрүшү комплекстүү каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий