• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Жаманкулов менен Кочкоровдун талапкерлигин министрлик кызматка сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкуловдун, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү кызматынан кеткен же бошогон шартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий