• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргызстандын жогорку баалуулуктарына кирет — “Таңгакча” соцролиги

Коом 0


Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы тарабынан адам укуктарын коргоону чагылдырган мамлекеттик жана расмий тилдерде видеоролик даярдалды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет.

"Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт", - деп айтылат маалыматта.

“Бул алаамат менин башыма түшкөнүнө апамдын көз жашын көргөндө да, ал эмес шектүү адамдар менен сыз бөлмөгө отурганда да ишенген жокмун. Мен үчүн бардыгы жаман жагына айланды, болгон үмүтүм мен такыр ишенбей келген мыйзамдуулукта гана эле”, - деп айтып берет окуянын каарманы Амантур.

Пикир

Оставить комментарий