• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрлер кабинетинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жаңы форматы тартууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жаңы форматынын бетачарын тартуулады, ага ылайык, сатып алуучу уюм тарабынан мамлекеттик сатып алуу процесси электрондук соода аянтчаларынын жардамы аркылуу ишке ашырылат.

Мындай жаңы формат бардык кызыкдар юридикалык жактарга электрондук соода аянтчаларын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Электрондук соода аянтчасынын оператору мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдын макулдугу боюнча электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аккредитациядан өтөт.

Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы мамлекеттик сатып алуулар жана электрондук соода аянтчалары боюнча бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык базаны түзөт.

Сунушталган ченемдер электрондук форматтагы сатып алуу процессин ачык-айкын, жеткиликтүү жана отчеттуу түрдө уюштурууга жана өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, мамлекеттик сатып алуу процессинин жүргүзүлүшү көбүнэсе катышуучуларынын сын-пикирлерин жаратып келет.

Улукбек Марипов алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү менен процессти автоматташтыруунун жана ошол эле учурда бизнес үчүн шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөштүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий