• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкүлчүлүк: Баткен облусунун аймагында жайгашкан газ сактоочу жайларда газдын жок экендиги аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Адистер Баткен облусунун аймагында жайгашкан газ сактоочу жайларда газдын жоктугун дагы бир ирет аныкташты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-мартта бир катар ЖМКларда жана социалдык тармактарда Баткен облусу аркылуу Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай (газ) кирип жатат деген маалыматтардын тарашы боюнча, Баткен облусундагы бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү бийлик, “Ош Газ” филиалынын Баткендеги эксплуатациялык газ кызматынын өкүлдөрү жана бул тармактагы тажрыйбалуу адистер, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан Өзбекстандын газ сактоочу жайларында болушту.

Газ сактоочу жайлардын коопсуздугун кайтарып турган Өзбекстандын жарандары менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде, Баткен облусунан атайын өкүлдөр кампалардын иштеп же иштебей жаткандыгын көрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, бул аймакта делимитация жумуштары толугу менен бүткөн, бирок обьектилер Кыргызстанга өткөрүлүп бериле электигинен, өзбек тарап обьектилерди кайтарып турат.

“Ош Газ” филиалынын Баткендеги эксплуатациялык газ кызматынын өкүлү Адылбек Токтоматов адис катары бардык газ түтүктөрүн жана газдын басымын ченөөчү өлчөгүчтөрдү текшерип чыкканын, бул жерде эч кандай газ же дагы башка мунай заттарынын жок экендигин билдирди.

Журналисттер менен адистер аталган аймактагы газ өткөн түтүктөрдү, скважиналарды жана мунай казган жабдууларды карап чыгышты. Бардык жабдуулардын эчак эле иштетилбей жаткандыгы, электр чубалгыларынын үзүлгөндүгүнө күбө болушту.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында союз мезгилинде Өзбекстанга таандык «Фергана Нефти» ишканасы 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

Алар газ сактоочу жайларда 1 млрд 5 млн куб метрге чейин газды камап, Өзбекстандын Фергана өрөөнүн жана Кыргызстандын Ак-Турпак айыл аймагын газ менен камсыздап турган. Учурда аталган аймакта мунай өндүрүлбөйт жана жумуш токтотулган, газ жок.

Бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан чек араларды делимитациялоо боюнча Өзбекстан менен Өкмөттөр аралык комиссияга талаптарды коюп келет.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-мартта КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшеналы Нурдинов буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган, Баткен облусунан Өзбекстан жана Тажикстанга жер асты менен кошуна мамлекеттерге мыйзамсыз мунай кирип жатат деген маалыматка шилтеме менен билдирүү жасап, бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар маалымат берүүсүн сураган.

Пикир

Оставить комментарий