• 88.68
  • 95
  • 0.95

Адылбек Касымалиев Москвада өткөн ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.04.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынында 38 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкештирилген системасы жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору жактырылды.

Макулдашуунун долбоору Биримдиктин бажы аймагынан тышкары ташып чыгуунун алкагында товарлардын келип чыгышын аныктоо жана тастыктоо боюнча мүчө-мамлекеттердин мамилелерин унификациялоого жетишүүгө багытталган, анын ичинде мүчө-мамлекеттерде товардын келип чыгышына көз каранды болгон экспорттук көзөмөл чаралары болгон учурда.

ЕЭК Кеңеши өзүнүн чечими менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин “Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруусуна финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө” чечиминин долбоорун жактырды.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечиминин бул долбоору Биримдикке мүчө-мамлекеттеринин өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык жана улуттук финансылык уюмдар тарабынан берилген кредиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан аныкталат.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 9-декабрында Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоонун жаңы форматын түзүү чечими кабыл алынган. Кеп Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ишканаларына олуттуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү өнөр жай кооперациясын колдоонун натыйжалуу механизмин киргизүү жөнүндө болуп жатат. Бул бизнес демилгелерди натыйжалуу илгерилетүүгө, өлкөлөр ортосундагы өз ара инвестицияларды жана жумуш орундарынын санын олуттуу түрдө көбөйтүүгө, өндүрүштүк комплекстердин туруктуулугун жогорулатууга жардам берет.

Ошондой эле, Кеңештин отурумунда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин аймагында “Чыгыш-Батыш”жана “Түндүк-Түштүк” багыттары боюнча транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү маселеси жана кытай тараптын “Бир алкак - бир жол” демилгеси аркылуу Биримдиктин алкагында транспорттук инфраструктураны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар каралды.

Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ветеринардык каттоодон өтпөгөн жана мал чарба азыктарындагы аты жок дары-дармек каражаттарынын максималдуу жол берилген деңгээлин стандартташтыруу боюнча тапшырма кабыл алды. Уруксат берилген деңгээлди мүчө-мамлекеттердин сунушу боюнча Коллегиянын чечими менен бекитилүүчү изилдөө ыкмалары менен белгилөө пландаштырылууда.

Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун аткарылышы боюнча маселе каралды.

Мындан тышкары, ЕЭК чечими менен аталган Макулдашууда аныкталгандай, Евразия экономикалык биримдигинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларга көз салуу механизмин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (“жол картасы”) бекитилди. Бул План башка нерселер менен катар Евразия экономикалык комиссиясынын Евразия экономикалык биримдигинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизминин иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чечимдерди иштеп чыгууну жана кабыл алууну карайт.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттерде иштегендерге медициналык жардам көрсөтүү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча мамилелерди иштеп чыгуу жана 2022-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндөгү баяндамаларды карады.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кийинки жыйыны 2023-жылдын 19-майында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий