• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Афганистанда согушчандардын чабуулунда АКШ аскердик базасынын 8 күзөтчүсү көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Афганистандын Парван облусундагы революциячыл уюмдун мүчөлөрунүн чабуулунда АКШ аскердик базасынын 8 афган күзөтчүсү көз жумганын Ассошиэйтед Пресс агентсттиги билдирди.

Аймактык губернатордун өкүлү Вахида Шахкар Баграм шаарындагы дүйшөмбү күнкү чабуулда коопсуздук агенттигинин дагы эки кызматкери жаракат алганын маалымдады. Шахкардын айтуусунда, күзөтчүлөргө чабуул алар ири АКШ авиабазасынын куралдуу күчтөрүнө жумушка баратканда болгон.

Ал билдиргендей, бул окуя иликтенүүдө. Азыркы учурда кол салуу боюнча эч ким жоопкерчилик алган жок.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий