• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орусияда беш жашар кызды өлтүргөн киши психиатриалык экспертизага жөнөтүлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Серпухов шаарында беш жашар тажик кызын өлтүрүүгө айыпталган Александр Семин психиатриалык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу маркум Хувайда Тиллозоданын үй-бүлөсүнүн адвокаты билдирди.

Адвокат Ольга Михайлованын айтымында, дарыгерлер Александр Семинди оорулуу деп тапса, ал эркиндикке чыгып же мажбурлап дарылатууга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Бул арада орус басылмалары Александр Семин балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөн беш учурга катышы бар деп шектелип жатканын жазышты. "Дни.ру" онлайн-ресурсу Семиндин айрым эпизоддорго катышканы далилденгенин, тергөөчүлөр анын саламаттыгы жайында деп эсептешерин маалымдады.

Ошол эле маалда Александр Семин тилкелик полиция кызматкери менен тааныш болгону айтылууда. Трагедиядан кийин Серпухов шаарындагы бир нече жогорку кызматтагы офицер кызматтан бошотулган.

Хувайданын атасы Абдусалом Саидов тергөөчүлөрдүн ишине канааттанып жатканын билдирди. Ал Александр Семиндин таежесин да жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. “Мага анын артында таасирдүү кишилер, анын ичинде таежеси турарын айтышты. Ал адвокат экен жана ага акыл-эси жайында эмес деген чечим чыгарып берүүгө ниеттенүүдө”, - деди Абдусалом Саидов.

Беш жаштагы Хувайдо 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жолдун жээгиндеги спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертизада кыз зордукталып, андан кийин бычак менен сайылып өлтүрүлгөнү аныкталган. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалган.

Пикир

Оставить комментарий