• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, акыбалдары оор

Кырсык 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан 5 адам жабыркады. Учурда алардын акыбалы оор экендигин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жол кырсыгы 20-июнда эртең менен болгон. Жабыркагандар тез жардам кызматы менен Жайыл районунун бейтапканасына алынып келинген. Жабыр тарткандардын төртөө ранимация бөлүмүндө, алардын акыбалы оор. Бешинчиси травматология бөлүмүндө абалы канааттандыралык.

Пикир

Оставить комментарий