• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу жана келишим ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы „Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо“ долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы „Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо“ долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 20-февралында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа инвестициялык банкына жана Германия өнүктүрүү банкына (KfW) жогоруда аталган Макулдашуунун жана Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

«Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо» долбоорунун максаты болуп кредиттөө үчүн туруктуу өнөктөш кредиттик-финансылык институттарга кайра каржылоо каражаттарын берүү аркылуу узак мөөнөттүү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кеңейтүүгө өбөлгө түзүү эсептелет. Долбоордун негизги максаттуу тобу болуп Кыргыз Республикасынын агро азык-түлүк секторунда иштеген чакан жана орто ишканалар эсептелет.

Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жогоруда аталган Макулдашуунун жана Келишимдин алкагында Кыргыз Республикасына 36 млн евро өлчөмүндөгү каражаттар берилет, анын ичинен:

— 22 млн евро кредиттик каражат Европа инвестициялык банкынан (ЕИБ) (кредиттөө шарттары: кредит 12 жылга берилет, жеңилдетилген мөөнөт 3 жыл, Еврибор пайыздык ставкасы кошуу ЕИБ маржасы);

— 9 млн евро грант түрүндө акысыз негизде Германия өнүктүрүү банкынан (KfW), (бүгүнкү күндө долбоор ишке ашырылып жатат);

— 5 млн евро Европа союзунун Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонд тарабынан кош каржылоо гранттык каражаттары, аларды администрациялоону KfW жүргүзөт.

Андан тышкары кошумча 3 млн швейцария франкы — Экономикалык кызматташтык боюнча Швейцария мамлекеттик катчылыгынан грант түрүндѳ каражат тартып келүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий