• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдарбеков Ирандын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кечээ, 20-март күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айдарбеков өзүнүн ирандык кесиптешин Нооруз майрамы менен куттуктап, учурда иран элинин башынан өтүп жаткан, эң оболу, өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына каршы күрөштөгү бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгууну каалаган.

"Коронавирустун чыгышына байланыштуу Кыргызстандын жүк ташуучу автоунааларынын айдоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүдө иран тарабынын жардамын жогору баалап, Айдарбеков министр Ж. Зарифге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Иранда калган, жакын арада Ирандан чыгууну ниет кылган айрым Кыргызстандын жүк ташуучу автоунааларынын айдоочуларына да көмөк көрсөтүүсүн өтүндү", - деп айтылат маалыматта.

Ирандын тышкы иштер министри колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык айтып, эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө кызматташтыкты өнүктүрүүгө иран тарабы даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий