• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдарбеков менен ЕИБ Кыргызстанда айыл чарба лабораториясын ачууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. КРнын тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 11-декабрда, Люксембургда өткөн КР - Евро Биримдик кызматташуу кеңешинин 16-отурума катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Айдарбеков Европалык инвестициялык банктын (ЕИБ) вице-президенти Вазиль Худак менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар КР менен ЕИБ ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери тууралуу пикир алышып, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жана эки келишим: айыл чарба өндүрүү жана сатуу чынжырларын каржылоо жана суу ресурстарын башкаруу жана катуу калдыктарды жок кылуу боюнча өлкө ичиндеги процедураларды аягына чыгарууну талкуулашты.

Айдарбеков Кыргызстанга берилген ВСП+ макамы үчүн чоң ыраазычылык билдирип, атамекендик айыл чарба азыктарды эл аралык талаптарга ылайык сертификациялоо үчүн лаборатория курууга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.

Тараптар пландалган 2019-жылы Кыргызстанга ЕИБдин келе турган делегациясын тосууда баардык күч-аракеттерди бириктирүү макулдашылып жана ошол визит учурунда каралган жана жаңы долбоорлорду талкулоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий