• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдарбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрь күнү КР тышкы иштер министри Ч. Айдарбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Отурумдун алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Россиянын президенти В. Путин менен жолугушуусу болуп өткөн.

Отурумдун алкагында министрлер дүйнөлүк жана аймактык өнүгүү маселелерин, ШКУнун ишмердүүлүгүн талкуулашкан.

Айдарбеков ШКУга мүчө мамлекеттерге колдоо, жардам жана кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирген. Ал алдыда бир катар олуттуу маселелер - коронавирус менен күрөшүү, анын кесепеттерин жоюу, экономиканы калыбына келтирүү, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери турганын белгилеген.

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын кеңешинин алдыдагы отурумун даярдоо маселелерин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий