• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдоочуларга эскертүү! Бүгүн Бишкекте борбордук көчөлөр жабык болот

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабык болот.

Кайгуул кызматынан мындай чара Кыргызстан менен Сингапурдун футболдук беттешине байланыштуу экендигин билдиришти. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Төмөнкү көчөлөрдө саат 16:00дөн 23:00гө чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет:

- Тоголок Молдо көчөсү – түндүктү көздөй Чүй көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү – күн чыгышты көздөй Исанов көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылып, маршруттук кыймылын алдын ала пландап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий