• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сабалган жоокердин апасы: Балама ооруканада дагы коркутуулар болууда

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Сабалган жоокер Бекзат Эсенбековдун апасы Алмакан Исмаилова “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында ооруканада анын баласына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жардам көрсөтүлгөнүн төгүндөдү.

“Учурда уулумдун өпкөсүнөн суу сордурулуп жатат. Баламдын ден соолугу абдан начарлап, оор абалда ооруканада жатат. Бул окуя болгонго чейин ал менден кабар алып кеткен. Бөлүмгө келгенде андан акча талап кыла башташыптыр. Кетээр алдында мага дары-дармекке акча керек болгондуктан балама жол кире, сууга болгону 200 сом бергем. Аны 26-майдан 31-майга чейин сабашкан. 31-майда Жаныбек уулу Төрөбай менин баламдан 10 мүнөттүн ичинде телефонуна 500 сом салууну талап кылган. Балам түнү менен сабалганын айтууда. Мен аскерге ден соолугу чың баламды жөнөткөм, эми ал майып болуп калды”, - деди ал.

Ошондой эле Алмакан Исмаилова баласына ооруканада дагы коркутуулар болуп, эч нерсе айтпа дешкенин кошумчалады.

“Ооруканага баламдан кабар алуу үчүн ӨКМден келишип, ошондо дагы эч нерсе айтпа деп кетишкен экен. Ал буту шымына батпай шишигенге чейин бизден барын жашырыптыр. Эгер ал өлүп калса, өзү өлдү деп айтат элеңер. Канча баланы өлтүрдүңөр”, - деди ал.

Мындан тышкары, жоокердин апасы баласынын суранычы менен анын бардык туугандары телефонго акча жүктөп тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий