• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында 70 окуучу мэрдин стипендиясына татыды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Нарын шаарында 70 окуучу мэрдин стипендиясына татыды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштерге жигердүүлүк менен катышкан окуучулар үчүн салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, 70 окуучу миң сомдон стипендия жана Нарын шаарынын мэринин, шаардык кеңештин төрагасынын дипломдору менен сыйланды.

"Минут сайын өнүгүп жаткан замандын талабына туура келгендей билим алууга ашыккыла. Көп тилде сүйлөп, алдыңкы технологияларды өздөштүрүү зарыл. Силер биздин мекендин келечегисиздер. Андыктан келечекке жакшы максаттарды коюп, билимдүү, мекенчил болууга чакырам", - деди Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев өз куттуктоосунда.

Иш-чара талантуу окуучулардын концерти менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий