• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аймактагы дарыгерлердин айлык акысы жогорулайт – министр

Ден соолук 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. “Биз 2018-жылдын октябрь айында аймактардагы ооруканаларда эмгектенген дарыгерлердин маянасын жогорулатууну пландап жатабыз”, - деп билдирди “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Анын айтымында, ведомство аймактардагы дарыгерлердин иштөө шартын жакшыртуу боюнча өкмөттөн тапшырма алган.

“Министрлик региондордо эмгектенген дарыгерлердин айлык акысын жогорулатууну пландап жатат. Учурда дарыгерлердин айлык акысы 10-12 миң сомдун тегерегинде. Дарыгерлердин ишинин жыйынтыгына карап, айлык маянаны жогорулатабыз. Бул салттуу эмес жогорулатуу болот. Мисал катары айта турган болсок, эгерде бейтаптын дарты аныкталып, айыктырылса ошол дарыгерге айлык акысына кошумча дагы акча которулат”, - деп билдирди министр.

ССМ башчысынын айтуусунда, министрлик өкмөткө долбоордун документин жөнөттү. “Учурда талкуу болуп жатат. Кошумча жана толуктоолордун бардыгы эске алынган кезде индикаторду ишке киргизебиз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий