• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда былтыркы жылга караганда пневмониядан каза болгондор 2,5 эсеге көбөйдү

Ден соолук 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанда пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Саламаттык сактоонун оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-жылдын январь-сентябрында 26 миң адам пневмония менен ооруса, 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 24 миң киши ооруган.

Пневмония оорусу өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда – 1,9 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда - 11,5 пайызга өскөнү белгиленди.

2020-жылдын январь-сентябрында өлүмдүн себептери боюнча өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы – шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына - 7 пайызы туура келди.

Ушул эле учурда, 2019- жылдын январь-сентябрында пневмониядан 444 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынан 33 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында алардын саны 1 112 адамды же 54 пайызды түздү.

Өткөн жылдын январь-сентябрында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине деп алганда 9 өлгөндөрдү түзгөн, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында 23 өлгөндөрдү түзгөн же 2,5 эсеге көп.

Пикир

Оставить комментарий