• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айрым адистер MegaCom компаниясын сатпай эле жаӊыча уюштурулса, кыйла пайдалуу болот деген пикирде - Абылгазиев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жаӊыдан түзүлө турган Өкмөттүн программасы, анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселеле каралып жатканда, депутат Зиядин Жамалдинов акциясынын үлүшү толугу менен мамлекетке таандык Альфа Телеком» (ТМ MegaCom) компаниясынын келечегине кызыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев азыр эл арасында аны сатуу жана сатпоо тууралуу эки пикир бар экенин эске салып, ошондон сатуу менен сатпоонун пайдалуу жактарын иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. «Айрым адистер MegaCom компаниясын сатпай эле жаӊыча уюштурулса, кыйла пайдалуу болот деген пикирде. Алардын айтымында, эгер ал «Кыргызтелеком» менен бириктирилсе, «Акылдуу шаар», «Коопсуз шаар», «Электрондук өкмөт» сындуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз бул сунушту иликтеп көрүп, анан бир чечимге келебиз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий