• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 14-май /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Делидеги Азия чемпионатында 58 кг чейинки салмак категориясында Азия чемпионаты болду. Бүткүл дүйнөлүк күрөш ассоциациясынын сайтындагы маалыматка ылайык, А.Тыныбекова финалда индиялык спортчу Саританы 6:0 эсебенде жеңген.

Ошентип, А.Тыныбекова күрөш боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болду.
Буга чейинки финалга чейин А.Тыныбекова чейрек финалда казакстандык спортчу Гулшахрат Таласованы 10:0 эсебинде жана жарым финалда япондук Кацуки Сакагаманы утуп алган. Бул кыргызстандык 17 спортчудан турган курама команданын биринчи алтын медалы.

Пикир

Оставить комментарий