• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматовдун 90 жылдыгы: Бишкекте тогуз коргоол боюнча турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тогуз коргоол боюнча 10-турнир өтөт. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Турнир 6-12-декабрь күндөрү А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын имаратында өтөт.

Байгелүү орундарды алган спортчулар спорттун улуттук түрү боюнча Дирекция тарабынан медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.

Спорттук иш-чаранын расмий ачылышы 6-декабрда саат 15:00дө болот.

Пикир

Оставить комментарий