• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын айыл аймактарынын деңгээлиндеги ААР долбоорлору жактырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү.

Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр министрлер кабинетинин башчысына пилоттук режимде айыл аймактарды бириктирүү боюнча долбоорлорду сунушташты.

Белгилей кетсек, ААР өткөрүү үчүн кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда райондук мамлекеттик администрациялардын деңгээлинде жумушчу комиссиялар түзүлгөн.

Айыл-аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында депутаттар тарабынан каралган.

Бетачарлардын жыйынтыгы боюнча айыл аймактарынын деңгээлиндеги ААР долбоорлору министрлер кабинетинин башчысы тарабынан жактырылды, ошол эле учурда сын-пикирлер жана толуктоолор да айтылды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, ААР негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү деңгээлин, жер-жерлерде чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгын жогорулатуу, ошондой эле финансы каражатарын кыскартуу жана кайра бөлүштүрүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, жакын арада 2024-жылдын 1-апрелине чейин ААР пилоттук режимде ишке ашыруу боюнча президенттин жарлыгы чыгуусу пландалууда.

Ошондой эле, 2024-жылдын 1-июнуна чейин «Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий