• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев ички сугат суу маселелерин чечүү сунуштарын колдоду

Коом 0

Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. Ички ирригация маселелери боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун өкүлдөрү КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев менен жолугушту. Бул тууралуу Ирригация маселелери боюнча демилгелүү топтон билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жолугушууда дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктарын канааттандыруу жана ички каналдарды кароо максатында түзүлгөн коомдук уюм катары түзүлгөн СПАлардын негизги милдеттерин аткаруудагы көйгөйлөр жана ички каналдарды калыбына келтирүүнү каржылоо, ошондой эле бул маселеде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жөнүндө маселелер талкууланды.

Министр Тилек Токтогазиев демилгелүү топтун демилгеси менен даярдалган мыйзам долбоорлорун иликтеп, аларды аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактары аркылуу алга сүрөй тургандыгын баса белгилеп, дыйкандарга сугат сууну жеткирүү абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Жолугушууда демилгелүү топтун өкүлдөрү Суу пайдалануучулар ассоцияцияларынын материалдык -техникалык, финансылык дарамети ички каналдарды оңдоп-түзөөгө, калыбына келтирүүгө жетпей тургандыгын жана айыл өкмөттөр тарабынан колдоо көрсөтүүгө мыйзам жол бербей тургандыгын айтышты.

Мисалы Ноокен айыл аймагында дыйкан – фермерлерди сугат суу менен камсыз кылуу кызматын “Ноокен-К” СПАсы ишке ашырып келет. СПАнын карамагында 75 чакырым ички ирригациялык каналдар бар, анын 16 чакырымы гана бетондолгон. Ал эми 59 чакырымы (78,6%) жер каналы. Каналдардын начардыгынан райондук суу чарба башкармалыгынан алынган суунун көпчүлүк көлөмү, б.а. 40-60% чейин, дыйкан талаасына жетпей жоготууга учурайт. Сугат суу керектүү учурда дыйкандардын талаасына толук кандуу жетпей жатат. Каналдарды оңдоп түзөө, бетондоого көп акча каражаты керек. Мындай каражат СПА нын бюджетинде жетишсиз. Натыйжада, сугат суу жер аянттары кыскарып, пайдаланбай калган учурлар көбөйүүдө деп билдирди Ноокен районунан “Ноокен-К” СПАсынын директору Муратов Нургазы.

1997-жылы Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл аймагында “Кароол-Достук” суу пайдалануучулар ассоциациясы коомдук уюму түзүлүп, дыйкандардын эгин талааларына суу жеткирүү жүктөлүп, бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырып келет. Бирок, бул уюм Кароол айыл аймагындагы 32,7 км узундуктагы ички каналдарды оңдоп-тузөөгө бюджети жетпейт. Эгин талааларын сугат суу менен толук камсыз кылынбагандыктан көп чыр чатактар чыгат. Дыйкандар бул маселени чечүү үчүн түз эле айыл өкмөтүнө кайрылышат. Ошол себептүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түздөн-түз жардам берүүгө мажбур болуп жатабыз. Анткен менен, СПАлардын ишине кийлигишүүгө мыйзам жол бербейт. Кароол айыл аймагындагы 1392 га сугат жерден 1 млн.200 миң ден ашык акча каражатын чогултуу керек болсо, бирок анын жарымы араң чогулат. Себеби, дыйкандар суу төлөмүн толук төлөбөйт. Негизинен, СПАнын бюджети эгин талааларын толук кандуу суу менен камсыз кылууну көтөрө албайт. Ошондуктан, бул көйгөйдү чечүүдө айыл өкмөттөрдүн кийлигишүүсүнө жол ачып берүү зарылдыгын Өзгөн районуна караштуу Кароол айылдык кеңешинин төрагасы Асанбек Акматалиев айтып кетти.

Сугат суу тутумун өнүктүрүү боюнча эксперт Асылбек Чекиров өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ирригация боюнча капиталдык салымдар суу колдонуучулардын тарифи тарабынан жабылбайт. Бул маселе мамлекеттик субсидиялар аркылуу чечилет дейт.

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев бул маселени чечүүгө сунушталган жолдору менен таанышып, өз көмөгүн көрсөтөөрүн, бул процессти жакынкы арада ишке киргизээрин билдирди.

Эске салсак, кыргызстандагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу боюнча Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, коомдук бирикмелердин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевге ачык кат жолдошкон эле.

Алардын айтымында, өлкөдөгү 1 млн гектардан ашык сугат жерлердин 736 миң гектарын сугат суу менен камсыз кылуу кызматын 486 Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПАлар) камсыз кылат. Өлкөдөгү 5,7 миң км чарбалар аралык каналдарды райондук суу чарба башкармалары тейлесе, 23.2 миң км ички чарбалык каналдар СПАлардын тейлөөсүндө.

«Чарбалар аралык каналдарды капиталдык оңдоого жана калыбына келтирүүгө жылына республикалык бюджеттен 370 млн сом каржыланса, ички каналдарга СПАнын бюджетинен болгону 34,9 млн сом оңдоп түзөөгө кетет. Учурда 18 миң километрден ашык ички каналдар жер каналдары болуп, капиталдык ремонтко муктаж. Анын айынан 40-60% сугат суу дыйкандын талаасына чейин эле жерге сиңип, жоготууга учурап жатат», – деп ачык кайрылууда айтылган.

Ички ирригациялык тармактарды курууга жана калыбына келтирүүгө мамлекеттен жеңилдетилген 25% гана кайтарым менен насыя берилип жатат. Ошентсе дагы, СПАлар тарабынан кайтарым начар болуп жатат. Бул насыянын эсебинен 133 СПА 2309 км ички каналдарды реабилитация кылышкан, б.а. жалпы ички иригациялык инфрструктураны 10 пайызы. 2019-жылдын аягына карыз 691 млн 288 миң болсо, кайтарымы 110 млн сомду түзүп, болгону республика боюнча насыя кайтарымы 17 пайыздын тегерегинде.

«Учурда, карыздын 300 млн сомдон ашыгы кечиктирилген төлөмдөр болуп, ага штраф, пеня кошулуп жатат, карыздын суммасы күндөн күнгө өсүп келет. Бул көрүнүш, учурда СПА лар инвестициялык жана кредиттик каражаттарды натыйжалуу башкарууну камсыз кыла албагандыгын билдирет», – деп айтылган.

Ачык кайрылууну жасаган Ирригация маселелери боюнча демилгелүү топ өлкө боюнча талкууларды өткөрүүнүн негизинде түзүлгөн. Мурда да атайын президентке да, депутаттарга да кайрылып келишкен.

Алардын сунуштары боюнча сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн, ирригация боюнча мамлекеттик программаларга ички каналдарды калыбына келтирүүнү киргизип, каржылоо маселесин чечүүнү жана бул өтө маанилүү маселеде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана катышуусун мыйзамдаштырып берүүнү суранышкан.

Пикир

Оставить комментарий