• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мектеп босогосун аттаган жеткинчектерди вице-мэр Мозгачева тосуп алды

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы бардык мектептерде бүгүн, 1-сентябрда 19 миңден ашык жеткинчектер мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева, мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев жана райондордун акимдери 1-класстын окуучуларын мектеп алдында тосуп алды.

"Мектепте "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу биринчи сабак өткөрүлдү жана балдарга экскурсия уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин башталгыч класстардын 500дөн ашык мугалими ПЧР тесттин тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий