• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Ленин районунда "Сармерден" музыкалык сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунда "Сармерден" музыкалык сынагы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Сынак өсүп келе жаткан муундарды мыкты улуттук салттарга тарбиялоого жана улуттар аралык ынтымакты, улуттук мурасты, руханий маданиятты, тилди, үрп-адаттарды, өнүктүрүү аркылуу аксакалдарды урматтоого, ошондой эле өз аймагынын тарыхын изилдөөгө, моралдык, адеп-ахлактык сапаттарды калыптандырууга багытталган.

Сынакка Арча-Бешик конушундагы айымдардын командасы жана Ак-Ордо конушундагы эркектердин командасы катышты. Командалар элдик ырларды, улуттук макал-лакаптарды жана жаңылмачтарды аткаруу боюнча мелдешти.

Сынактын жыйынтыгы боюнча катышуучу командалар муниципалдык администрациянын ыраазычылык каттары жана баалуу белектер менен сыйланды.

Белгилей кетсек, иш-чара президенттин "Инсанды руханий, адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жактан өнүктүрүү жөнүндө" жарлыгынын алкагында Ленин районунун аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий