• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин 69 пайызы COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин 69%ы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу брифинг учурунда министрликтин статс-катчысы Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, министрликте техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлерин кошкондо жалпы 9 миң 125 адам иштейт. «Жалпы кызматкерлердин ичинен 6341 адам же (69%) эмдөөдөн өттү. Ошондой эле, 1 миң 324 кызмактер же (14,5%) COVID-19 менен ооруган. Мындан сырткары медициналык каршы көрсөткүчтөрү, өнөкөт оорусу бар адамдар жана кош бойлуу айымдар болуп 1 миң 460 (16%) кызматкер вакцина алышкан эмес”, - деп билдирди Алишеров.

Пикир

Оставить комментарий