• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба жаныбарларынын негизги түрлөрүнүн санынын өсүү тенденциясы сакталууда

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Айыл чарба жаныбарларынын негизги түрлөрүнүн санынын өсүү тенденциясы сакталууда, - деп билдирет Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу 2021-жылдын 10-декабрынан 25-декабрга чейинки мезгилде республиканын аймагында өткөрүлгөн мал жана үй канаттууларын бир жолку кайра санактын жыйынтыктары күбөлөндүрөт.

Мал жана үй канаттууларынын саны

(жылдын аягына карата чарбалардын бардык категорияларында, баш)

Нет описания.

Санактын жыйынтыктары көрсөткөндөй, ири мүйүздүү малдардын көпчүлүк үлүшү Ош (22 пайыз жалпы санынан), Жалал-Абад (21%) жана Чүй (18%) облустарынын чарбаларында, кой жана эчкилер - Жалал-Абад (22%), Ош (18%) жана Нарын (18% тегерегинде) облустарынын чарбаларында, жылкылар - Нарын (25%), Ысык-Көл (19%) жана Ош (18%) облустарынын чарбаларында кармалат.

Малдын жана үй канаттууларынын санынын эң көп үлүшү дыйкан (фермер) чарбаларына жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларына туура келет.

2021-жылы чарбалардын категориялары боюнча малдардын жана үй канаттууларынын негизги түрлөрүнүн саны

(жылдын аягына, жыйынтыкка карата пайыз менен)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий