• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак-Буура дарыясына "Жигули" унаасы кулап, 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Ак-Буура дарыясына "Жигули" унаасы кулап, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү болжол менен саат 22:00дө Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 30-чакырымында (Алчалуу тилкеси) Ак-Буура дарыясына "Жигули" унаасы кулап кеткен. Анын ичинде 3 адам болгон.

23-июнь күнү саат 09:00дө унаанын 43 жаштагы айдоочу С.М., саат 10:30да 10 жашар Ж.Ш., жана саат 16:30да 41 жаштагы Т.А., аттуу жарандын денеси табылып, суудан алып чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий